“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

2023-жылдын эң мыкты спортчусу Тайырбек Жумашбек уулу.

24 Декабрь 2023 жыл 21:55
Көрүүлөрдүн саны: 1399

Кичинекей мекенин Орто Азияга тааныткан айылдын кулуну,жаш спортсмен Тайырбек Жумашбек уулу, өзүнүн ийгиликтери жөнүндө биз менен бөлүштү. Тайырбек Жумашбек уулу Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында туулган. Үй-бүлөдө 4 бир тууган,үйдүн кичүүсү. Жаштайынан чоң атасынын тарбиясын алгандыктан,турмушка өтө зирек,башка балдардан айырмаланып чыйрак,тыкан болуп чонойгон. Мектепти 7-класска чейин окуп, Бишкек шаарындагы спорт мектебинен окуусун уланткан

Тайырбек Жумашбек уулу күрөш учурунда.

Менин агайым Мамыткулов Акберди биринчи жолу айылда зал ачты, досторум менен бардым, ошондон баштап күрөшкө кызыгып калып, калтырбай барып баштадым. Биринчи күндөру кыйынчылыктар болду. Бирок менин өжөрлүгум,спортко болгон кызыгуум бардык кыйынчылыкты жеңди. Үй-бүлөөдө чоң атамдын,атамдын колдоосу менен көп ийгиликтерди багындырдым. Материалдык жактан бир аз кыйынчылыктар болду. Моралдык жактан анча деле көп кыйынчылык болгон жок .Ата-эне бир туугандарын колдоп турса,алдыга койгон максаттарга жетсен болот. Азыркы учурда мени мамлекет каржылайт,спонсор байкелерим жардамдашып турушат. Мен үчүн эң оор беттеш Кодаи Огава Япониялык балбан менен болгон. Эгерде мен күрөштү тандабаганымда башка спорт менен алектенмекмин. Мен биринчи жолу 2022-жылы Азия чемпиону болгом. Азия чемпиону болуш үчүн көп күч,аракет,эмгекти талап кылды. Жеңилип калган учурларда,курөштөн тажап таштайм болду деген күндөрүм болду. Улукбек Жолдошбековду жеңип 61 килограмм салмак чениндеги өлкө чемпиону аталдым.


Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлегендиги үчүн 500000(беш жүз мин)сомдук Сертификаты президенттин колунан алды.

«Азыркы күндө Албания өлкөсүндөгү Тирана шаарындагы 23жаштагы жаштар арасындагы күрөшкө катышып 3-орунду алып келдим. Алдыга койгон максатым: Олимпиада жылы келе жатат, ошого жолдомо утуп олимпиаданын женүүчүсу болгум келет. Буюрса аракет кылып даярданып жатам. Жакын арада 2023-жылдын эң мыкты спортчусу болдум. Бул сыйлык дагы мага жөн жерден келбесе керек, ар бир кылган аракетимдин мээнетимдин акыбети кайтып кыргыз элимдин колдоосу менен алдым десем болот. Күйөрмандарыма,элиме,колдоп жүргон байкелериме,тренелериме ыраазымын. Кыргыз элимдин туусун желбиретип жүргөн, спортчу агай-эжелеримдин колдоосу дагы дем куч берип келет.Кыргыз элиме бир аз да,болсо салымымды кошуп Кыргызстандын желегин желбиретип жүргөнүмө сыймыктанам.Келечекте буюрса окуучуларымды тарбиялап өстүрүп,алардан мыкты чемпиондор чыгарына ишенем жана аракет кылам десем болот».


Тайыр Жумашбек уулу күрөш учурунда.

«Тайырбек чемпион болгондо биздин айыл эли сыймыктандык дейт Мирбек Чылпаков: Тайыр Кыргызстандын желегин желбиретип, чет өлкөлөргө таанытып жүрөт биз аны менен сыймыктанабыз.Биздин айылдан чыккан Азиянын 3 жолку чемпиону бул биз үчүн сыймык.Тайырды мен кичине кезинен эле билем, ал чапчаң,шамдагай бала болчу,биз ошондо эле ушул баладан бир нерсе чыгат дечү элек,Тайыр кичинекей кезинде эле 6 айылдын чемпиону болду. Телевизордон анын ар бир күрөшкө чыкканын үзбөй көрөм,2023-жылдын мыкты спортчусу болгонуна да сүйүндүм.


Даярдагандар:Нурпери Шабралиева, Арууке Эсенбекова, Азема Кудуева.