“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

АУЦАга кантип акысыз окуса болот?

6 Январь 2024 жыл 21:09
Көрүүлөрдүн саны: 1166

Биздин мектептин бүтүрүчүсү,Айзирек Жангараева өзүнүн окуган Жаңы муун академиясы жөнүндө биз менен бөлүштү.

Айзирек Жангараева быйылкы окуу жылынын бүтүрүүчүсү.
Жаңы муун академиясынын студенти,Терек-суу айылынын тургуну үйдүн эң кичүү жалгыз эрке кызы. Айзирек англис-тил сабагына кызыгып,изденип окуп,акысыз окуу жайга тест тапшырып,англис-тилинде эссе жазып өз күчү менен өттү.
Жаңы муун академиясын интернет аркылуу билдим. Мен АУЦАга өтүүнү абдан каалап интернет булактарынан ар кандай маалыматтарды издедим. Чынында бул университеттин контрагы Кыргызстан үчүн өтө эле жогору. Мен ошондуктан кантип акысыз өтсө болот деп ойлой баштадым жана ушул программа жөнүндө билип калдым. New Generation Academy (NGA) Жаңы муун академиясы (ЖМА)- бул Борбор Азиядагы Америкалык университеттинин бир жылдык интенсивдүү даярдоо программасы. Жаңы муун академиясы (ЖМА) Кыргызстандын булуң бурчунда жашаган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө көмөктөшүү үчүн ачылган. ЖМА ар жыл сайын өлкөнүн 7 областынан,25 окуучуну стипендиялык программага кабыл алат. Стипендиялык программа акысыз окууну ай сайын,стипендия жана жатакананын баасын каржылайт.
ЖМАда тереңдетилген деңгээлде англис тили,математика жана орус тилин окутушат. Эл аралык тесттерге даярдайт. Бул жерде окутулган ар бир сабак,студенттердин сынчыл ой-жүгүртүүсүнө жана лидерлик сапаттарды жакшыртууга багытталган. Чет элден Америка,Европа жана башка мамлекеттерден келген профессорлор окутушат. Окуудан тышкары иш-чаралар,тренинг,воркшоптор байма-бай болуп турат.
Бул программа жөнүндө окуп изилдеп,ал жакта кандай өзүнүн талаптары бар,ошого жараша даярдана баштадым десем болот. Өзүмдү бир гана академиялык жактан эмес,окуудан тышкары иш чараларда активдүү болгонго аракет кылдым. Англис тилинен олимпиадага катышып жүрдүм. Ыктыярчылык менен алектендим ар кандай тренингдерге жана пайдалуу семинарларга катыштым. Анткени,бул жакта бир гана сенин окуудагы жетишкендигиң эмес,окуудан тышкары дагы иштерин бааланат. Бир гана мектептеги маалымат менен чектелип калбастан,өзүм эле интернеттен ар кандай программаларды таап окудум. АУЦАны тандаганымдын себеби, өлкөдөгү эң перспективдүү университет ал жакта баары англис тилинде, өзүндүн кесибин менен окуйсун.
Стипендиялык программага өтүү 2 турдан турат,1-турда документтердин топтомун жөнөтүү керек.
Алар финансылык документтер англис тилинде,мотивациялык эссе,мугалимден сунуш кат,сертификат,
грамоталардын копиясы,мектепте алган бааларыңдын транскрипти камтыйт. Эгер1-турдан өтсөң,2-турга
чакырыласың. 2-турда англис тилинен тест жана интервью болот. Окуу системасы айырмаланып турат
нетворкингди өстүрөсүң,дүйнө жүзүндөгү бир канча чет жердеги университеттер менен кызматташат.
Кошумчалай кетчү нерсе,бул жерде эң мыкты амбициясы күчтүү,билимге ынтызаар жигердүү студенттер
окуйт. Ушундай чойрөнүн арасында болуу дагы да,бийиктиктерге умтулуп өнүгүүгө стимул берет.


Азыр каникулда айылдамын,бош убактымды текке кетирбей өзум окуган мектепте окуучуларга,АУЦАдагы Жаңы муун академиясы тууралуу маалымат бердим. Айыл жеринде жаштарга жол ачкан мүмкүнчүлүктөр,гранттык программалар акысыз билим алуу,тууралуу маалыматтар жокко эсе. Ошол себептен ушундай маалыматтарды жайылтып,окуучуларды колдогон билим проектилерин жасаганга умтулам.Чет өлкөдөн тажрыйба топтоп келип,коомго позитивдүү таасир алып келүү планымда.

Даярдаган: Дилде Таалайбекова.Азема Кудуева