“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда кыз-келиндерге спортзал куруулуда.

6 Январь 2024 жыл 23:59
Көрүүлөрдүн саны: 1043

Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылында кыз-келиндерге,спортзал салынып жатат. Бул спортзалды айыл ынтымагы ашар жолунда,эл тарабынан каржыланып,аксакалдардын батасы берилип,элди ынтымакка,биримдикке чакырып,айылдын жаштары өз күчтөрү менен салып жатышат. Эң башкысы жоопкерчиликти 76-жылы туулган эр-жигит азаматтар өз колдоруна алып,кыштын кычыраган суугуна карабастан чатырын жаап бүтуштү. Мында элдин ынтымагы,аял затына жасаган камкордугу көрүнүп турат.Жайы менен фундаменттин куюп,кирпичин көтөрүп эми чатыры жабылды.

Айыл тургуну Анаржан Музообашева айылдагы дең-соолук комитеттинин мүчөсү,өз оюу менен бөлүштү
Айылыбызда алгылыктуу иштер быйыл көп болду. Анткени айыл өкмөтүбүз жаңы шайланды. Айыл өкмөт жаш экенине карабай эл менен жакшы иштерди алып барып жатат. Жакында эле балдар үчүн спортзал,футбол аянтчасы,швейный цех салынган. Эң сүйүнүчтүсү биз учун спортзалдын салынып жатканы. Кыштын кычыраган суугуна карабай бир аз күн жылый калды эле көпчүлүк деген жакшы экен, бир паста чатырын жаап коюшту. Эми буюрса ичи,эшик терезелери бутуп ишке кирсе кыз-келиндердин пландары көп.

Аялдар кеңешинин төрайымын дагы жаңы шайлаганбыз. АДКнын мүчөлөрү,аялдар кеңешинин төрайымы менен биргеликте иш-пландарыбызды иштеп чыктык. Келиндер биз дагы ден-соолукту чыңдагыбыз келет.Спорттук оюндарды уюштуруп келин-кыздар арасында валейбол ойносок. Мектеп окуучулары,ата-энелер,мугалимдер,жаш келиндер арасында мелдештерди уюштурабыз. Бош убактыбызда барып топ ойноп,чуркап,машыгып турабыз буюрса спортзалыбыз бүтсө.Жалпы элиме,аксакалдарыбыз баш болуп колдоп берген жигиттерге ыраазычылык билдиребиз.

Даярдагандар: Дилде Таалайбекова,Азема Кудуева.