“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүр берилди.

9 Январь 2024 жыл 21:23
Көрүүлөрдүн саны: 1064

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөчүү адиси,Сулпиева Айтолкун Абдыкалиловна аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилгендигин айтты.

“Менин бул тармакта иштегениме 7 жыл болду, негизи айыл өкмөттө иштегениме 13 жылдын тегереги болду. Быйылкы жылдын эсебинен биз социалдык колдоого муктаж, аз камсыз,мумкунчулугу чектелген көп эле үй-бүлөлөргө жардам бердик. Анын ичинен айта кетчү орчундуу маселебиз, бул кышка карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө,айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен,калкка жардам көрсөтүү статьясынан 100миң сомду карап,кышка карата 55 үй-бүлөнү көмүр менен камсыздадык. Элүү беш уй-бүлөнүн ичинен он бири багар-көрөрү жок,он тогуз адам ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар,калган жыйырма беш жаран жакыр аз камсыз адамдардын ичине кирет. Айыл өкмөт боюнча 55 адамга ар бирине 350 киллограммдан көмүр таркаттык аны сомго айландырганда 2450сомдон ар бир үй-бүлөгө жардамдар берилди».

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө баардыгы 8007 калк бар,анын ичинен 1261 кожолуктун 500 соц паспортту толтурулган жакыр адамдар болуп эсептелип өтө жакыры 375 үй-бүлө болот.Жалпылап айтканда 29,8% өтө жакыр болуп эсептелет. Көмүр менен камсыздоо негизи жылда эле каралыш керек,бирок бул бюджеттин тартыштыгына көз каранды,акыркы 4 жылдан бери берилип жатат. Былтыр 90миң сом бөлүнүп берилген,быйыл 100миң сом бөлүнүп берилди.

Даярдаган: Арууке Эсенбекова, Таалайбекова Дилде.