“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Айылдык китепканага 50 жыл болду.

10 Январь 2024 жыл 0:13
Көрүүлөрдүн саны: 1148

Терек-Суу айылындагы №11 айылдык китепкана башчысы,Өзубекова Акылай Меймановна
1985-жылы Токмок шаарындагы маданият техникумунун ”Китепканачы” бөлүмүн бүтүрүп келип,ушул китепканада 38жылдан бери эмгектенип келет. Ал өзүнүн чакан китепканасы тууралуу кененирээк айтып берди.

“ Бул китепкана 1974-жылы уюшулган. Азыркы жайгашкан орду айыл өкмөтүнүн биринчи кабатында. Китепкана 4 бөлмөдөн турат. Бул китепканада 9226 даана китептер бар,алар орусча,кыргызча жана ар кандай тармактагы адабияттар. Китепканада китеп фондусун көбөйтүү максатында 2011-жылы ”Китеп ордо борбору” деген темада марафон уюштурулуп,китепканага 2стол,1китеп коюучу шкаф жана 105ке жакын китеп менен камсыз болгон. 2014-жылы айыл өкмөтү тарабынан 2компьютер,1түстүү принтер,проектор берилген. 2019-жылы “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негизинде айыл тургундарынын,шаардагы студенттердин колдоосу менен 385 даана китеп чогултулду. ”Биз бирге окуйбуз” марафону болуп ата-энелер тарабынан дагы 50го жакын китеп,ошону менен бирге райондук китепканадан дагы 34 даана китеп берилди».
Китепканага жыл сайын жаңы 600дөн ашык окурмандар келет. Алар мектеп окуучулары,айыл өкмөт кызматкерлери,медиктер,мугалимдер,пенсионерлер,жаш балалуу келиндер. Жыл ичинде 4534окурман келип,7141 даана китеп окулат. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген окурмандарга үйлөрүнө барып китептерди окуп берем. ”Поэзия сүйүүчүлөр ийримин” түзүп ага айылдагы эже-синдилер,окуучу кыздар келип ырларын жазып,окуп кечелерди уюштуруп турушат.Жайкысын балдарга жайкы лагерь уюштуруп китеп окуп,кыргыздын улуттук оюндарын ойноп,жаратылышка да алып чыгабыз.Окуучулар электрондук китептерди окуп,интернеттен керектүү маалыматтарды алып кетишет. Мектеп окуучулары менен адабий кечелер,тегерек стол,диспут өтүлсө,бакчадагы бөбөктөргө жомоктор дүйнөсүнө саякат кылып,жомокторду окуп берем. Келечекте айыл тургундары үчүн кенен залы бар,окурмандарга толгон чоң,жылуу китепкана курулса деген тилегим бар.
Даярдагандар: Азема Кудуева,Дилде Таалайбекова.