“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Гапыр агайдын китебин окуп өзгөргөн апанын ийгилиги.

18 Январь 2024 жыл 0:28
Көрүүлөрдүн саны: 1122

Гапыр Мадаминов агай 17 китептин автору болсо,Анара эже 8китебин окуп чыккан.Китепти окугандан кийин өзүнүн бала тарбиялоодо,мугалимдик кесипте көп катачылыктарды кетиргенин билген. Жумуштан чарчап келгенде жасалбаган жумуштар үчүн балдарын урушуп,какыс кукус кылганын эстеп балдарынан кечирим сурап,урушпаган апа болуп өзгөргөн. Уй-бүлөсү менен китеп окууну адатка айлантып,жашоодо өз балдарына кам көргөн,эртен менен эрте турган,чуркаганды гимнастика жасаганды балдары менен убакытты туура пайдаланганды үйрөнүп өзгөрдүм дейт биз менен болгон маегинде.

“Мен 4-жылдан бери үй-бүлөм менен китеп окуганды адатка айлантым.Бир жылда жүз китепти окуйм деп максат койдум,өзүмо керектүү китептерди алып окуп,окуган китептерди ата-энелерге,мугалимдерге,
окуучуларыма сунуштадым. Гапыр агайдын Ата-энелер мектеби менен иш алып барам.Коншу мектептерге барып агайдын иш-тажрыйбасын жайылтып семинарларды өттум.Агайдын китептеринде көбүнчө баланы туура тарбиялоо,кесипке туура багыт берүү,баланы кантип лидер кылса болот деген биз чече албай аткан көйгөйлөрду китеп окутуп чечип койгон экен. Азыркы күндө турмушка чыккан кыздарыма балдарды туура тарбиялоо жолун үйрөтүп келем.

. Китепти окуганды адатка айлантып,балдарыма көнүл,убакыт бөлуп агайдын методикасы менен тарбиялап отуруп быйыл балам ийгиликтерге жетишти. Ал өз каалоосу менен Себат түрк лицейине тапшырып,азыр 8-класста окуйт. Химия сабагынан олимпиадага катышып,коло медалдын ээси болду. Алдыга койгон максаты алтын медалдын ээси болсом дейт. Баламдын ийгилиги менин үй-бүлөмдү кубантты. Ата-энелер балдарга туура тарбияны үлгү катары берсек болот экен. Китепти өзүбүз окусак балдарыбыз окуйт экен. Бул да болсо Гапыр агайдын эмгеги. Агайдын китептеринин таасири болду десем жанылышпаймын”-дейт Анара Тууганбаева.


Даярдаган: Кудуева Азема.