“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Өз кесибин сүйгөн мугалим Ратбү Сатарова.

26 Январь 2024 жыл 21:23
Көрүүлөрдүн саны: 866

Ратбү Сатарова Токтогул шаарында туулуп өскөн. Кесиби боюнча англис-тил мугалими. Эмгек стажы 34 жыл. Максаты айыл жериндеги окуучулардын билим сапатын көтөрүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жаатында көптөгөн долбоорлор менен иштеп келе жатат.
Евразия жана Орто Азиядагы англис-тил мугалимдери үчүн өткөрүлгөн эң татаал сынагына катышып, Улуттук жеңүүчү деп табылып 2005-2007жылы Америкага барып,George Mason университетинде окуп билимин жогорулатып стажировкадан өткөн. 2013-жылы дагы жеңүүчү деп аталып,инклюзивдик билим берүү боюнча Чикаго шаарынын мектептерине барып иштеп келген. Жаш мугалимдерге насаатчы мугалим,англис-тил метод бирикмесинин жетекчиси,бир нече эл аралык уюмдардын диплом громаталарынын,мамлекеттик сыйлыктарынын ээси Ратбү Сатарова биз менен өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө бөлүштү.

Менин жалпы эмгек стажым 34жыл.Мен беш жашыман баштап мектепке окуп,5-класста англис-тилине кызыгуум башталды. Мугалимдик кесип бул менин үй-бүлөмдүн династиясы десем болот,атам,эжем мугалим болуп иштешкендиктен,мен дагы мугалимдик кесипти тандадым. Иштеген күндөн баштап аракеттенүүнүн негизинде көп ийгиликтерге жетиштим. 2жылдык педагогикалык стажым менен жылдын мыкты мугалимине райондук,областтык турга катышып байгелүү орундарга жетиштим. USAID,AKSELS,MERSICO эл аралык уюмдар менен иштеп,көптөгөн долбоорлорду Токтогул районуна тартып келдим.
Бул программалар мугалимдер,окуучулар,мүмкүнчүлүгү чектелгендерге,англис тилине кызыккан жаштар учун пайдалуу болду. FLEX программасына тест тапшыруу учун Ошко,Бишкеке барат элек. Бул биздин айылдагы балдар учун кыйынчылыкты түзүп,жолдун алыстыгы,жол киренин кымбаттыгы алар үчүн кыйын болгондуктан,Токтогул районунун окуучулары үчүн Flex программасын тартып келдим десем болот.


AKSELS долбоору менен 2жыл иштедим. Турмуш шарты оор,айыл жериндеги аз камсыз үй-бүлөнүн балдарын чогултуп,17 балага алты саат англис тилин үйрөтүп,азыркы күндө ошол балдар дүйнөнүн булуң-бурчунда окуп,иштеп жүрүшөт. Эки окуучу FLEX программасына катышып,Америкага барып окуп,иштеп келишти. Биздин райондо 2005-жылга чейин АУЦАда окуган окуучу жок эле,эл аралык уюмдар менен жумуш боюнча Чүйдөгү чакан айылга бардым. Ал жерден сураштырсам көп окуучу АУЦАда окуп жатышканын билдим. Эмне учун бизде болбосун деген ойдо Токтогулга,IREX долбоору менен Бөкөнбаев мектебине бекер интернет тартып келип окуучуларды окутуп,ошол убакыттан бери АУЦАга тапшырып,окуп жаткан окуучуларыбыз арбын алардын алды Америкага окуусун улантып,иштеп жатышат. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен 2007-жылдан баштап иштедим. Өзүмдүн кичүү балам экөөбуз балдарды чогултуп,группа түзүп долбоордун негизинде англис тил,компютердин негизги бөлүгүн,көл өнөрчүлүк боюнча басым жасап үйрөтүп,сабактар болду. Балдарды шыктандыруу максатында АУЦА университеттине,Таластагы Манас комплексине,мүмкүнчүлүгү чектелген бирок ийгиликке жеткен инсандар менен бир канча жолугушуулар болду. Сырттан келген коноктор аларга жашоо образын,сурөт,бий,музыка,өздүк гигиена туралуу апалары менен биргеликте тренингтер өткөрүлдү.
Тынчтык корпусу менен 1998-жылдан бери иштейм. Ошол жылы биринчи волентор Токтогулга келген. 2002-жылдан бери Тынчтык корпусунда тренер болуп иштеп,кыргыз-тилин,кыргыз маданиятын,англис-тил методикасын мектептерге кантип сабак берүү керектигин үйрөтүп келем. Тренер мугалим катары көп долбоорлор менен иштеп,англис-тил мугалимдеринин билимин жогорулатуу,методикасын жаңылоо,жаны заманбап технологиялар,жаны идеялар менен иштөө негизинде тренингдерди өттум. Акыркы жылдары башталгыч классынын мугалимдеринин,китепканачылардын билимин жогорулатуу боюнча долбоорлор менен беш жыл иштедим. Мектепке чейинки билим берүүдөгү кызматкерлер менен профессорлорду чакырып иштедик. Инклюзивдик билим берүү боюнча дагы иштейм деген пландарым бар дейт Ратбу Сатарова.

Ар бир буткөн иштин жемишин берет экен,мүмкүнчүлүгу чектелген балдар менен иштегенде алардын жашоого болгон кызыгуусу,алардын өз колдору менен жасаган буюмдарын саткандары болду. Аз камсыз алыс айылдарда жашаган окуучулар,окууларын бүткөндөн кийин алды Америкага барып окуп иштеп келишти.
FLEX программасына катышкан окуучулар Америкага барып,жашап окуп жатышат. Долбоорлор менен иштеген окуучулар,шакирттер өздөрүнүн кесиптери менен дүйнөнүн булуң бурчунда иштеп,окуп атат десем болот.


Даярдаган: Кудуева Азема.