“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Жеке ишкер айым Дилдекан Кожекеева

26 Январь 2024 жыл 22:30
Көрүүлөрдүн саны: 719

2006-жылдан бери “Алина” кафесин иштетип келе жаткан Дилдекан Кожокеева,бир гана кафе иштетпестен,бир канча жылдан бери,айыл тургундарынын купулуна толгон таттуу шириндиктерди жасап келе жатат.

“Мен жеке ишкер болуп 2006-жылдан бери иштейм,ошондон бери таттуу шириндиктерди элдин талабына жараша жасаганга аракет кылам. Менин кесибим технолог окуу жайды бүткөндөн кийин,Терек-Суу айылында иш баштадым. Ар бир иштин түйшүгү,кыйынчылыктары бар дегендей,баардык кыйынчылыкка тоскоолдука чыдап көп ийгиликке жолдошумдун балдарымдын колдоосу менен жеттим десем болот. Иш башталгандан баштап эле патент алчуумун,азыр кассовой ККМ аппаратка өткөм. Мыйзамга ылайыкташтырып иштегенге аракет кылам».

«2005-жылы шаарда жашап училищада булочка нандарды жасап иштедим. Айылга келгенде айылда наабайкана жок экенин көрүп иш баштоону чечтим. Ал убакта мектептерде балдарга булочка,коржик берилчи. Жолдошум экообүз ишти баштап алгачкы ишибизди жакын айылдагы мектептердеги окуучуларды булочка,коржик менен камсыз кыла баштадык. Айыл жериндеги кыз-келиндерди иш менен камсыз кылып төрт,беш келинди ишке алдык.
Бара-бара балдар ысык тамака өтүп кетишти,ошондон баштап торт,кекс,булочка таттуу шириндиктерди элдин каалоосуна,талабына жараша жасап магазиндерге коюп ишимди улантып келем».


Менин негизги максатым айыл тургундарын талапка ылайыктуу шириндиктер менен камсыз кылуу. Айыл жериндеги жумушсуз отурган кыз-келиндерди ишке алуу,аялзаты үй-бүлөбүздү каржылоо,балдарыбыздын келечегине кам көрүү. Менин кызым дагы жолумду улап таттуу шириндиктерди жасаганды жакшы көрөт.

Даярдаган:Аттокурова Эльбина,Таалайбекова Асема.