“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Жаш практикант дарыгер өз айылында иштегиси келет.

28 Январь 2024 жыл 0:16
Көрүүлөрдүн саны: 1091

Терек-суу айылдык ооруканасында врачтар,медсестралар жетишпейт. Заман талабына жараша заманбап аппараттар орнотулса айыл жеринин тургундары үчүн жакшы болмок. Эң жөнөкөй эле УЗИ,Рентген аппаратары коюлса. Ар бир бөлүм үчүн врачтар жетиштүү болсо айыл тургундары райондук ооруканага барып убара болушмак эмес дейт айылдын жаш практиканты Намаз Таалайбеков.
Мен Намаз Таалайбеков азыркы учурда Медакадемиянын дарылоо факультетинде 2-курсунда окуйм. 15январдан 3-февральга чейин направление менен практикага келдим. Буюрса окуумду бүткөндөн кийин айылга келип,айылдык ооруканада иштесем деген оюм бар. Кичине кезимден бери менин кыялым эле ак халат кийип,элдин керегине жараган башкы дарыгер болсом. Ооруп келген адамга жылуу мамиле кылып жакындан колумдан келишинче жардам берсем. Окууда көп эле кыйынчылыктар болот өзүм кызыкканым үчүн көптөгөн кыйынчылыкты жеңип келем. Ар бир окуунун,иштин кыйынчылыгы болот. Мен практикага келип иштегенден бери тажрыйба алып,үйрөнүп кызыгуу менен иштеп жатам.

Биздин айылда врачтар,медсестралар,керектүү аппаратар жетишсиз экен. Мен өзүмө окшогон жаш кадрларга кайрылгым келет,окуубузду аяктап айылга келсек. Анткени айыл жеринде иштеген жаштар жокко эсе. Айлыктын аздыгынан,айылдагы түйшүктөн качпастан баардык кыйынчылыктарга чыдап иштесек болот беле деген ойдомун. Мен практикада жүрүп көрүп атам биздин айылдык ооруканага кайрылгандар өтө көп экен. Биздин айылдан башка дагы алты айылдын тургундары келип,күндүзгү бөлүмдөн укол дары алып кетишет экен. Бизде иштеген эжелер жетишпейт нагрузка көп. Айылда УЗИ аппараты,Рентген аппараты жетишпегендиктен айыл тургундары райондук ооруканага барышат. Өзүбүздүн айылга жетиштүү аппаратар орнотулса жаш кадрлар,врачтар келсе,жаш кадрларга иштегенге шарт түзүлүп,жаштарды колдоп иштерине моралдык колдоо эл тарабынан дагы болсо айылдан иштегенге,жаш кадр врачтарыбыз келет беле

Мага өзүмдүн айылымда иштегеним жакты,өз элин жерин тааныш адамдарын,алардын жакшы сөздөру иштегениме да,дем куч берет. Мен башкы дарыгердин көрсөтмөсү менен иштеп жатам. Практикамды бүтсөм окуумду улантып окуп,тажрыйбамды топтоп келечекте элимдин кызматына жараган инсан болом деген оюм бар.

Даярдагандар: Дилде Таалайбекова.