6 Февраль 2024 жыл 22:19
Көрүүлөрдүн саны: 1085
Бай-дыйкан айыл чарба борборунун адиси Сариев Акназар Токтогул районунун дыйкандарына семинар өттү. Семинардын максаты:дыйкандардын алган түшүмүнүн сапаттуу жана пайдалуу болушу,жер семирткичтерди туура пайдалануу,эгин талааларында акыркы үлгүдөгү аппарат менен иш алып барып,дыйкандарга жер иштетүүнүн сырларын үйрөтүү. Дыйкандарды байытып,алып жаткан түшүмүн көбөйтүп заманбап технологиялар менен жабдып туруу экендигине токтолуп өттү.

Сариев Акназар.
Мен Сариев Акназар Бай-дыйкан айыл чарбаны колдоо борбору жеке компаниянын кызматкеримин. Өзүбүздү каражатыбыз менен иштейбиз негизинен жер семирткичтер үрөөндөр коргоочу каражаттар стимуляторлор жана башка айыл чарба техникаларын да алып келип Кыргызстанга жайылтып жатабыз. Январь-февраль айлары жерлерди кыдырып семинар өтуп,бугун 21-кун Токтогулга Баткенден келдик. Бардык жерлерде дыйкандардын көйгөйлүү маселелери болгон түшүмдүлүктүү,топурактын асылдуулугун кантип жогорулатсак,кандай жер семирткичтерди туура колдонуу керек, ошолор боюнча маалыматтарды берип келе жатабыз. Кыскасын айтканда семинарларды өткөрүп жүрөбүз. Биздин Бай-дыйкан айыл чарбаны колдоо долбоору 2009-жылы негизделген 13 жылдан ашык тажрыйбаларыбыз бар. Мына ошол 13 жылдан бери биз туздон-туз дыйкандар менен байланышып иштешип келе жатабыз. Биздин жасаган иштерибиздин натыйжасында биздин компания өнүгүп,кенен кулачын жайыууда. Демек,семинарлар жана биз берип жаткан айыл-чарба материалдары дыйкандарга чон жардамын тийгизип компаниянын өнүгүшүнө чоң салымын кошуп жатат десем болот..

Бай-Дыйкан айыл чарбанын колдоо борборунун келечектеги максаттар чон. Биз бүгүнкү күндө эле дүйнөнүн 15 өлкөсү менен байланышып иштейбиз. Европа өлкөлөрүнөн Франция,Испания,Италия,Кытай жана эн жакынкы кошунабыз,Туркия,Өзбекстан,Казакстан,Туркменстан,Россия менен иштешебиз. Алар менен иштеген атайын адистерибиз бар. Бай-Дыйкандын командасында 300дөн ашык кызматкерлер иштейт. Кыргызстан боюнча ар бир райондо тейлөө иштерин жүргүзүдөбүз. Келечекте дыйкандарга эн сапаттуу айыл чарба техникаларын,үрөндөр,жер семирткичтерди жеткирүү менен иштеп жатабыз. Токтогулда бугунку күнгө чейин жер семирткич сата турган биздин магазин бар. Мына бугун семинардын журушундо жер семирткичтерден тышкары урөндөрдү коргоочу каражаттары бар магазин ачып берсенер деген сунуш суроолор болду. Биз жетекчилике жеткирип,сөзсүз түрдө бул маселенин үстүндө иш алып барабыз.
Даярдагандар: Медина Азимжанова,Азема Кудуева,Азема Өмуркулова.
Post Views: 1 085