6 Февраль 2024 жыл 22:52
Көрүүлөрдүн саны: 1188
Терек-суу айылынын тургуну Мырсырайымова Гулнур өзүнүн үйүнө кыз-келиндер үчун машыгуу залын ачып,60-жашка чыккан апалар ден-соолугун чыңап машыгып жатышканын баса белгилеп айтып берди.

Мырсырайымова Гулнур менен маек учурунда.
Бул фитнести ачуу үчүн көп убакытан бери пландарым бар болчу,ачылганына 1айдын жүзү болду. Бул залды ачканымдын себеби биринчиден өзүмдүн ден соолугума карадым,өзүм жалгыз машыга бербестен кыз-келиндер дагы келсин,көрсүн ден соолуктарын бир аз болсо да чыңашсын деген ойдо ачтым. Айына 1000сомдон төлөшөт өтө кымбат,өтө арзан эмес айыл ичинде болгондуктан элдини чөнтөгүндө да карадым. Машыгуу жумасына уч жолу болот,дүйшөмбү,шаршемби,жума күндөрү бир саатка чейин болот. Фитнес залына керектүү эмеректерди балам сатып берди,азыркы учурда жаңы керектүү эмеректерди ала элекпиз анткени бардык нерсе келип эле акчага токтолот экен.

Буюрса алдыга койгон пландарым бар. Уйдөгу залды чонойтуп айыл ичиндеги айымдар үчүн иштеген бардык керектүү каражаттары бар заманбап фитнес залын ачсам деген тилегим бар.
Даярдагандар: Аделя Бакытбекова,Арууке Эсенбекова.
Post Views: 1 188