2024-жылдын 13-февралында 2023-жылдын жыйынтыгы,райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясы болуп өттү.

Аталган коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Сыдыков,райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев,райондук ишкана,мекемелердин жетекчилери,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө жыл ичинде райондун аймагында аткарылган иш-аракеттер жөнүндө кеңири маалыматтар угулуп,талкууланды. Ошондой эле 2023-жылы райондук социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге райондук мамлекеттик администрациянын сыйлыктары тапшырылды.
“Жылдын мыкты айыл өкмөтү” наамы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө ыйгарылды. Биздин айыл өкмөтүн башчысы Алишеров Айдарбек Сыдыковичти жана кызматкерлерин чын жүрөктөн куттуктайбыз.

Даярдагандар:Азема Кудуева