“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Көп балалуу энелерге сыйлыктар тапшырылды.

18 Февраль 2024 жыл 22:28
Көрүүлөрдүн саны: 818

Токтогул районунун мамлекеттик администрация залында көп балалуу энелерге сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Сыйлыкты тапшыруу үчүн райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев катышып,райондун аймагындагы «Баатыр эне»орденине ээ болгон 33 жана «Эне даңкы» медалына ээ болгон 18 энелердин сыйлыктарын тапшырды. Салтанаттуу иш-чарага келген энелерге маданият кызматкерлери куттуктоо ырларын тартуулашты.
Даярдаган: Дилде Таалайбекова.