“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

«Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү.

18 Февраль 2024 жыл 22:02
Көрүүлөрдүн саны: 457

Токтогул районундагы №2 Бөкөнбаев орто мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын райондук туру өткөрүлуп,ага жалпы 40 мектептин командалары келип катышып күчтөрүн сынашты.


Кыргыз улуттук» Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков,райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев,билим берүүнүн жетекчиси Астра Боржуева катышты.
Жылдан жылга Манас таануу интелектуалдык таймашы өспүрүмдөрдүн тапкычтыгына,ой-жүгүртүүсүнө жана сөз байлыгын кеңейтүүгө көнүл бурулуп келе жатат. Улуттун руханий байлыгы болгон Манас эпосун окуучуларга жеткиликтүү окуутуда мугалимдердинн салымы чоң. Таймашка ар бир айылдан жаш манасчылар,манасчылар тобу катышып,өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Таймаштын жыйынтыгы менен,
1-орунга № 32 Бекназар о.м”Аалам” тобу;
2-орунга №39 Жунусалиев о.м “Аккула” тобу;
3-орунга №29 Нургазиев о.м “Дил азык” тобу ээ болушту.
Жогорку упай алган катышуучуларга сыйлыктар берилип,областык турга жолдомо тапшырылды.

Даярдаган: Дилде Таалайбекова.