“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Айылдык кеңешке жаңы төрага шайланды.

24 Февраль 2024 жыл 11:51
Көрүүлөрдүн саны: 839

Чолпон-Ата,Кетмен-Дөбө бириктирилген айыл аймактардын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоосу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы»Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» ПЖ №370 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыктарын ишке ашыруу максатында Кетмен-Дөбө менен Чолпон-Ата айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештери бириктирилип,жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоосу болуп өттү.
Шайлоого бириккен Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 41 депуттатары катышты. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 20дан добуш алып,чучукулак тартуунун жыйынтыгы боюнча Жумалиева Анаржан Карагозуевна бириккен Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Айылдык кеңешинин катчысы Ырыскул Токтоназарова болду. Эл ишенимин актаган,жалпы аймагыбызды өнүктүрүүдө өз салымдарын кошот деген ишенимдебиз.

Даярдаган: Азема Кудуева.