“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Рыспай Абдыкадыровдун ырларын аткарган жаш таланттар.

25 Февраль 2024 жыл 14:26
Көрүүлөрдүн саны: 791

Жалал-абад областында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти,залкар обончу жана аткаруучусу Рыспай Абдыкадыровду эскерүү менен чыгармаларына арналган «Рыспайдын ырларын ырдайбыз» аттуу областтык кароо-сынак болуп өттү.

Токтогулдун жаш таланттары.

Райондук,аймактык турунда ийгиликке жетишкен Токтогул районунун талантуу окуучулары катышып байгелүү орундардын,ардак грамоталардын ээси болуп кайтышты.Токтогул районунун окуучулары 7-11 жаш боюнча Чодошев мектебинин 4-классынын окуучусу Калдаржанова Аймээрим 1-орунду,12-14 жаш боюнча Артыкбаев мектебинин окуучусу Шеримбеков Канай 2-орунду,Салаев мектебинин 2-классынын окуучусу Жолдошев Улукмырза 3-орунду,Терек-суу айылынын Турусбек мектебинин 10а-классынын окуучусу Керезбекова Бибигүл 3-орунга татыктуу болушту. Ошондой эле сүрөт боюнча Бримкулов мектебинин 5-классынын окуучусу Табышов Иса 1-орунду алды.«Мен кичинемден бери ырдаганды жакшы көрөм. Чон атам аккардеон чертип берет мен ырдайм музыкага абдан жакынмын. Мектепте кандай кароо-сынак болбосун,дайыма атам аккардеон чертип берип колдоо көрсөтүп келет. Мен бул конкруска чейин атуулдук ырларга басым жасап,көбунчө Ата-мекен жөнүндө патриоттук ырларды ырдайт элем. Кароо-сынактарга катышып ийгиликтерге жетишкем. Рыспай Абдыкадыровдун ырларын ырдап ийгиликке жетиштим. Менин ийгиликке жетишиме ата-энемдин,даярдаган эжеке-агайларымдын дагы салымы күч дейт» Керезбекова Бибигүл.

Керезбекова Бибигүл 10а-класстын окуучусу.

Даярдагандар: Нурпери Шабралиева.