“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

1млн 150мин сомго спортзал каржыланды.

1 Март 2024 жыл 13:32
Көрүүлөрдүн саны: 426

Токтогул районунун,Ак-Тектир айылында,кыз-келиндер,апалар,айыл элинин ден соолугун чындоочу залы ачылды. Ден соолукту чындоочу залы Швецария өкмөтү тарабынан «Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу алдын алуу» долбоору аркылуу каржыланып,айыл элинин ден соолугун чыңдоочу спорттук шаймандар орнотулуп ачылыш аземи болду.

Ак-Тектир айылы спортзалдын ачылыш аземи.


«Биздин айылга апалар үчүн машыгуу залы ачылып,бул залдын ачылышына Кыргызстан айылдык ден соолук комитети тарабынан долбоор сунушталып,Швецария Өкмөтү тарабынан колдоого ээ болуп,доолбордун жалпы суммасы 1млн 150 миң сомду түздү. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом өздүк салым кошулду дейт» айылдык кеңешинин депутаты Рыскүл Токтоназарова.

Айыл аксакалдары ак баталарын берип өз ойлорун,сунуштарын,ыраазычылыктарын билдиришти. Аталар үчүн дагы бир күндү белгилеп коюну,алар дагы бош убагында келип машыгып кетерин айтышты дейт айылдык ден соолук комитетинин мүчосү А Токтагазиева
Даярдагандар: Таалайбекова Дилде,Кудуева Азема.