“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө жаңы жетекчи келди.

17 Март 2024 жыл 12:32
Көрүүлөрдүн саны: 765

Токтогул районунуна караштуу Терек-суу айыл аймагында аким менен жолугушуу болуп өттү. Чогулушта бириктирилген эки айыл өкмөттүн жаны башчысы шайланды. Эки айыл башчыларынын 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча маалымат берилди. Бүткөн иштердин жыйынтыгы алдыда жасалып жаткан иштер боюнча айыл тургундары акимге суроо узатып,суроолоруна жооп алышты.


Чогулуштун негизги максаты Кетмен-Дөбө айылынын тургундарына 2023-жылдагы эки айыл өкмөттүн аткарылган жумуштарынын отчету,бириктирилген аймактын жаңы башчысын дайындоо, 2024-жылга аткарыла турган иш пландар тууралу болду.

Чогулушта айыл тургундары эң көйгөйлүү маселе болгон таза суу,сугат суу,электр энергиясы,жайыт,мектеп,бала бакча,айылдык ооруканага даарыгерлердин жетишсиздиги ж.б маселелер боюнча мекеме ишканалардын жетекчилерине суроолорду узатып,бир канча көйгөйлөр айтылды. Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев, элдин көйгөйүн угуп бир топ айыл тургундарынын суроолоруна жооп берип,мындан аркы иштерди жаңы шайланган айыл өкмөтү менен тыгыз иш алып баруу керек экендигин жана мекеме ишкана жетекчилерине бир топ тапшырмаларды берип, 2024-жылы аткарыла турган иштер боюнча маалыматтар айтылды. Айыл тургундары жаңы дайындалган айыл башчы Болот Тияшановичке ишине ийгилик каалоо менен мындан ары айылыбыздын өнүгүшүнө өз салымын кошоруна терең ишеним көрсөтүштү.


Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргузүү жөнүндө»Жарлыгынын негизинде Токтогул районунда бириктирилген айыл аймактын башчысы шайланды.Токтогул администрация башчысы-акимдин буйругу менен, бириктирилген Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна Багымбаев Болот Тияншанович дайындалды. Болот Тияншанович мурда Токтогул районунун Бел-алды айыл өкмөтүнүн айыл башчысы болуп эмгектенип келген.
Даярдаган: Арууке Эсенбекова.