“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

4 802 000 сомго мектепке жаңы санариптик жабдуулар келди.

19 Март 2024 жыл 17:40
Көрүүлөрдүн саны: 826

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылында жергиликтүү тургундардын колдоосу менен Арис программасынын негизинде №12 Курама уулу Турусбек мектеби заманбап технологиялар менен жабдылды. Өзгөчө мектеп окуучулары айыл тургундарынын добушун чогултуу менен өз мектебине салымдарын кошо алышты.


Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун САSА-1000 долбоору аркылуу Кетмен-Дөбө айыл аймагында, долбоордун талабына ылайык жергиликтүү тургундардын добушу менен аныкталып, доолборго сунуш кылынган инвентарлар(жабдуулар) толук келип түштү. CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды кошумча каржылоо долбоору аркылуу каржыланып, инвентарлардын жалпы баасы 4.802.000 сом. 10 даана интерактивдүү панел, 42 даана стол, 42 даана стул, 2 даана ноутбук, 2 даана МФУ, 2 даана түстүү принтер, 2 даана проектор,1 даана үн күчөткүч, 2 даана микрофон.


Өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун жалпы жааматына жана көйгөлөрдү аныктоодо жардамын көрсөткөн, айыл аймактын жалпы тургундарына ыраазычылык билдиребиз. Жакынкы арада мектептин дааратканасы жана жуунуучу жайынын реконструкциясы башталат деп турабыз дейт мектеп директору Дөөлөтбек Кожомуратов.


Даярдагандар: Нурпери Шабыралиева,Азема Кудуева.