Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 5-класстын ата-энелеринин арасында Сармерден оюну өткөрүлдү .

Сармерден оюнунда ата-энелер улуттук кийимдерди кийип, эмблема жакташып, сахнаны жасалгалашып, обондуу ырларды ырдап,макал-лакап,жаңылмач, табышмактарды табышып,кыргыз бийлерин бийлеп, бешикке салуу,тушоо кесүү салттарын көрсөтүп беришти.

Сармердендин максаты кыргыздын улуттук каада салттарын, руханий маданиятын,улуттук баалуулуктарды кийинки муундарга өткөрүп берүү болду.

“Менин кызым 5-класста окуйт мен кызым үчүн сармерденге катышып ырдап бийлеп, бир күн болсо да руханий жактан эс алдым. Ата-энелер кийинки муундарга кыргыздын улуттук баалуулуктарын,ыр бий,каада салтарын көрсөтүп берүү менен ата-энелер менен мектеп ортосундагы байланышты күчөтүп,балдарыбыздын тарбиясына үлгү көрсөтө алдык деп ойлойбуз» дейт Кенже Кутманова.

Даярдагандар: Арууке Эсенбекова,Азема Кудуева.