“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Кут төгүлгөн Нооруз.

25 Март 2024 жыл 22:32
Көрүүлөрдүн саны: 397

Токтогул шаарынын маданият үйүндө Нооруз майрамына арналган иш-чара өттү.


Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик адмнистрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев майрамдык салтанаттын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Сиздерди элибиздин улуу тарыхы менен бирге кылым карытып келаткан Нооруз майрамыныздар менен куттуктайм. Жаратылыштын жаңылануусун жана табияттын жандануусун жар салган Нооруз майрамыныздар менен. Нооруз берекенин,терең ишенимдин үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам. Элибизде ар дайым биримдик,ынтымак,үйүбүзгө кут конуп,ишиниздерди ийгилик жылоолоп,элибизде тынчылык болсун» деди куттуктоо сөзүндө.


Ошону менен бирге Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев,шаардык кеңештин төрагасы М.Борбугулов,аялдар кеңешинин төрайымы Э.Раманкулова майрамдык салтанаттын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттукташты.
Салтанат майрамдык концерт менен уланды. Концертте Токтогул балдар чыгармачылык үйүнүн комузчу кыздары комуз чертип,Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайыр апалары ыр ырдап,мектеп окуучулар тарабынан бий бийлешип майрамдык салтанат шанга бөлөндү.


Даярдагандар: Нурпери Шабралиева,Азема Кудуева.