“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевич Токтогулда

13 Апрель 2024 жыл 14:25
Көрүүлөрдүн саны: 830

Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевич Токтогул районунун бир катар айыл аймактарын кыдырып айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Айыл тургундары менен жолугушууда таза суу, агын суу, бала бакча, мектеп салуу жана башка орчундуу көйгөйлөр көтөрүлдү.
Эл өкүлү Кундузбек Кошалиевич тургундар тарабынан көтөрүлгөн ар бир көйгөйдүн чечилүүсүнө, көмөк көрсөтөрүн жана жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди. Элдин баардык көйгөйүн угуп жана депутат жакында чечилүүчү көйгөйлөр боюнча маалымат берди.

2024-жылы пландаштырылган иштер менен тааныштырып өттү.
1.Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарынын таза суусу капиталдык ремонттон өтөт.
2.Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинин кичи корпусунун куруу иштери башталаарын.
3.Чолпон-Ата айылына жаңы мектеп салынуу каралаарын баса белгиледи.
Айыл тургундары Кундузбек Кошалиевичтен айылдын көйгөйүн чечип,бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болуп,Токтогул жергеси өнүксө деп оз ойлорун айтышты. Эң негизги айыл тургундарынын маселеси болгон таза суу,агын суу,бала бакча,мектеп,врачтардын жетишсиздиги ж.б маселелер жогорку бийлике жетип,Жогорку Кенеште каралып элибиз учүн пайдалуу жагына чечилерине ишеним көрсөтүштү.

Даярдагандар: Арууке Эсенбекова,Аделя Бакытбекова.