“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Ханнс Зайдель Фонду айылда.

17 Апрель 2024 жыл 12:52
Көрүүлөрдүн саны: 823

Ханнс Зайдель фондусунун колдоосу менен Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Кетмен-Дөбө аймагынын Терек-Суу айылында “Таза суу,санитария боюнча жашоочулардын билим деңгээлин жогорулатуу” боюнча Акмат Чаловдун демилгеси менен 17-апрельде тренинг өтүлдү.Акматбек Чалов
“Биз ушул тренингти колдоо боюнча Ханнс Зайдель фондуна кайрылганыбыздын себеби, азыркы учурда айыл жеринде таза суу системалары жокко чыгарылган. Эл арыктагы,дарыядагы суулардан гана пайдаланышат. Ошонун эсебинен жаштарда,адамдарда ичеги карын оорулары жана башка оорулары көбөйүп жатат. Ошондуктан биз ушул тренигди өткөрүбүздүн максаты, сууну кантип тазалоо,кол менен фильтирлерди жасап алуу,келечекте балдарыбызга,өзүбузгө чын ден соолук,дени сак маселесин колго алуу боюнча аракет кылдык “-дейт Акмат Чалов өз сөзүндө.


Азыркы учурда биздин Кетмен-Дөбө айыл аймагында 15ке жакын айыл жайгашкан. Ошол айылдардын үчтөн биринде союз мезгилинде курулган таза суу системалары бар. Бирок булардын баардыгынын 90% талкаланып бүткөн. Суу хлордонбой,тазалануучу бактериалдык установкалар жок,ошондуктан элибиздин ден соолугуна абдан чоң зыян келүүдө. Мына ушул тренингде мектептерде мугалимдерге жана окуучуларга толук маалымат жеткирип, аз да болсо айыл тургундарына түшүндүрүу иштерин жүргүзүү. Ушуну менен биз жалпы айылдарга таза сууну таза пайдаланып,ден соолугубузду чыңдоо боюнча алгылыктуу иштерди жүргузсөк деген оюбуз бар. Бул боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашып,ушул тренингти жалан эле каражат эмес өздөрүнүн колдоосу менен жыйындарда,чогулуштарда тажрыйбалап жайылтууга өз убадаларын беришти.

Даярдагандар:Аэлита Зарылбекова,Нуркыз Ниязова,Азема Кудуева.