Токтогул районунун Терек-суу айылында Кызамык оорусуна каршы түшүндүрүү иштери медкызматкерлер тарабынан жүргүзүлдү.

«Кызамык оорусу жугуштуу оорулардын катарына кирет,ошондуктан биз мектептерге,бала бакчаларга,ишканаларга түшүндүрүу иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул оору көбүнчө соо адам вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат.Кызамык оорусу жаңы төрөлгөндөн баштап, көбүнчө 1 жаштан баштап жуга берет. Азыркы учурда кызамыкка каршы эмдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз.Балдарга 6 жашка чыкканда дагы эмдөө жүрөт. Эмдөөдөн кийин бала дагы ооруса оорунун жеңил түрү менен ооруйт. Мурунку жылдан баштап Кыргызстанда кызамык оорусу менен ооруган адамдардын саны көбөйдү. Терек-Суу айылында кызамык оорусу менен ооруган 2 адам катталды. Ошондуктан биз мектепке барып кайра кайталап прививка салып жатабыз. Ооруп келгендерди больницага жаткырганга болбойт,себеби инфекция жугушу мүмкүн. Мурун кызамык оорусу менен ооруп, эмделген балдар кайра ооруса катуу ооруп өлүмгө учурашы мүмкүн. Кызамык оорусуна каршы чаралар көрүлүүдө. Бул оорудан айыгуунун жалгыз жолу прививка алуу» дейт башкы врач Калия Дөөлөтказиева.
Даярдагандар; Камила Ызагулова,Аделя Бакытбекова.