“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Элмирбек Иманалиевге «Эмгек баатыры» наамы ыйгарылды

19 Апрель 2024 жыл 22:47
Көрүүлөрдүн саны: 415

Токтогулдун ак таңдай акыны, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевге “Эмгек баатыры” наамы ыйгарылды. Залкар инсан чындыкты чыркырата айткан төкмө акын катары элдин эсинде калды.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгелеринин ээси болгон.

Акын 2020-жылы 42 жашында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн өткөн.

Азема Кудуева