“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулдук мугалимдер тажрыйба алмашышты

20 Апрель 2024 жыл 0:14
Көрүүлөрдүн саны: 842

19-апрелде Курама уулу Турусбек орто мектебинде “Мугалим-дүйнөнү таануунун ачкычы” аталышында жалпы райондук семинар өттү. Семинар USAIDдин “Келгиле, окуйбуз” долбоорунун негизинде өткөрүлдү.

Семинарга Токтогул району боюнча жалпы 41 мектептин башталгыч классынын мугалимдери катышты. Мугалимдер окуучуларга ачык тарбиялык сааттарды өтүштү. Ошондой эле окурмандар клубу, предметтик таймаш, тегерек стол уюштурулду.

Семинарга Токтогул райондук Билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышышты

Өтүлгөн сабактар боюнча семинардын катышуучулары анализ жасап, семинардын жүрүшүнө баа беришти. Мугалимдер өз ара тажрыйба алмашып, жаңы билимдерге ээ болушту.

Аземa Кудуева