“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда «ЭкоЖаратман» мастер класс кербени болуп өттү

21 Апрель 2024 жыл 21:40
Көрүүлөрдүн саны: 417

21-апрель күнү Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылында Коргол Досу уулу музейинде «ЭкоЖаратман Токтогул» аттуу мастер-класс кербени болуп өттү. Бул иш-чарага Кетмен-Төбө айыл аймагынын айыл өкмөтү Болот Багымбаев,кол өнөрчүлөр,ууз чеберлер,шайыр апалар,айыл тургундары катышты.

Бул иш-чаранын максаты Токтогул районундагы кол өнөрчүлүктү өнүктүруу. Биз бир жыл ичинде “Аялдар тынчтык банкы” фондунун колдоосу менен гранттык долбоордун негизинде окуп көптөгөн иштерди алып бардык. Биз бүгүн жыйынтыктоочу мастер классты өттүк. Бул долбоордон гид кийимдин жасалышын,конок үйдү ачканды,сувенирди жасаганды үйрөнө алдык. Ошону менен бирге айылдагы кол өнөрчүлөр менен биргеликте жүндөн жасалган ала кийиз,шырдак,жүн тытуу,жип ийрүу.курактын түрлөрүн,жер төшөктөрдү жасоо боюнча иш алып барып жатабыз дейт» “Жаратман айымдар жамааты” долбоорунун Токтогул району боюнча кординатор Сүйүнтбек кызы Бактыгүл.


Даярдаган: Дилде Таалайбекова.