“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-суу айылында кудай тамак өткөрүлдү

23 Апрель 2024 жыл 9:58
Көрүүлөрдүн саны: 769

Жылда өткөрүлүүчү кудай тамак,бул жылы да айыл эли жана активисттер менен биргеликте өткөрүлдү. Кудай тамакты кудайымдын жолуна деп ниет кылып,эл журтубузга аманчылык,ынтымак,токчулук жакшылыктарды тиленип дуа кылышты.
Ар бир үйдө кудай жолуна деп жети токоч жасалды. Жалпы элибиз айыл өкмөтүн багына келип атайын даярдалган тамактан даам сызып кыргыз элибизди ааламда болуп жаткан апаатан,бөөдө кырсыктан,табигаттын сыноосунан сактап элибизде тынчтык,бейпил жашоо болсун деп аксакал аталарыбыз баталарын беришти.

Даярдагандар: Камила Ызагулова,Аделя Бакытбекова