Токтогул районунда 26-апрелде Чернобыль апааты эскерилди. Бул эскерүүгө Токтогул районунун акими жана Чернобыль апаатынын катышуучулары катышышты.
Бул Чернобыльдардын быйыл 38-жылдыгы болуп өттүү. Ага Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев жана мекеме ишканаларынын жетекчилери катышышты. Бизде азыр Токтогул району боюнча Чернобыльдардан 21 адам бар, ал эми 7 адам каза болгон. Алардын үй-бүлөлөрүнө, аялдарына компенсация төлөнөт. Ал эми Чернобыльдын балдарынан 41 бала бар,18 жашка чейин ар бири 1000 сомдон алат. Токтогул районунда атайын Чернобыльдардын өзүнүн врачы бар, ошол жерден текшерилип турушат. Бала жаңы төрөлгөндөн кийин бир жылдан соң баланы текшерүүдөн өткөрүшөт. Текшерүүдөн өткөргөндө луч бар болсо бар деп справка, выпискасын кошо берет. Ага 1000 сомдон ай сайын айыл өкмөт төлөп турат. Ал эми Чернобыль өздөрү айына 7000 сомдон алат. Ушинтип ар бир жылда апрелдин жыйырма алтысында эскерүү күнү болот. Бул күнү жылда буларды унутпастан акимчиликке чейин алып барып,концерт коюп, өтүп кеткендерге куран окуп, эскерүү күнүн өткөрүп турабыз. Токтогул шаарчасынын мериясында 15 киши,каза болгондордон 5өө бар,ошетип жалпы 20 000 сом төлөп бердик.
Ар бир жыл жаңырган сайын 15-январга чейин мед смотрдан өтүп,балдарын да өткорүп,справкаларын алып келип берет. Ошол справкаларды жылда делосуна тиркеп,компенсация төлөнүп турат.
Даярдагандар: Аэлита Зарылбекова,Азема Кудуева