“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев жыйын өткөрдү

6 Май 2024 жыл 16:51
Көрүүлөрдүн саны: 963

Бүгүн 6-майда Токтогул районунда,Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаевдин жетекчилигинде жыйын өткөрүлдү.

Жыйында негизги маселелер каралды. Иш чараларды өткөрүүдө коомдук коопсуздук чараларын күчөтүлгөн тартипте уюштуруу жана жетекчилердин кызматтык жоопкерчилигин жогорулатуу. Жарлыктардын аткарылыш абалы жөнүндө,жашыл мурас улуттук өнөктүгүнүн алкагындагы иш чараларды, жашылдандыруу,тазалык боюнча тапшырмалардын аткарылышы,турак жайларды камсыздандыруу,жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнүн абалы жөнүндө,билим берүү уюмдарындагы билим сапатынын абалы жөнундө тиешелүү мекеме жетекчилери маалымат беришти.

Жыйынга мекеме-ишкана жетекчилери,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары,мектеп директорлору,айыл башчылары,ГСВ,ФАП башчылары катышты.

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Акылбек Тюкебаев мындан ары район жана айыл аймактардагы бардык коомдук,мектеп жана бала бакчаларга чейинки иш-чараларды уюштурууда жергиликтүү бийликтин,тийиштүү кызматтардын уруксаты болуусу керектигин эскертти. Ар бир мекеме жетекчилерине берилген тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткаруу керектиги айтылды.

Даярдагандар:Камила Ызакулова,Азема Кудуева.