“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чоң-арык айылынын ички жолдору ондолуп жатат

12 Май 2024 жыл 21:09
Көрүүлөрдүн саны: 661

Токтогул районунун,Чоң-арык айылында,ички жолдор ондолууда. Айыл тургундарынын салымы менен ички жолдорго кум, шагыл төгүп, таштандыларды тазалап,бак-дарактар кыйылып, көчөлөр кеңейтилип,чакан көпүрөлөр салынып жатат.
“ Мен айыл башчы болуп иштегениме,аз эле убакыт болду. Биринчи эле жумушумду айыл ичинин тазалыгынан баштадым. Айыл тургундары менен биргеликте,ар бир көчөнүн ичин тазалап,таштандыларды чыгарып,жараксыз бак-дарактарды кыйып,кум,шагылдарды түшүрдүк. Коомдук жамаат жана айыл эли тарабынан, акча каражаты чогултулуп солярка алынып,отуз ховадан ашык кум шагыл төгүп, өкмөт тарабынан техникалык жардам берилди. Азыр Акыш жана Кубаныч көчөлөрүнө 6-7метр турбалар койулду,ал турбалар жараксыз абалга келип калгандыктан жаңы турбаларды алдык,каржылоо жагы айыл тургундары болду. Мен билгенден Кубаныч көчөсүнө, кеминде 30-жылдан ашык турбалар коюлган эмес” дейт айыл башчы Алтынбек Болотов

Чоң-Арык айылынын айыл тургундары алгылыктуу көп иштерди, өз күчтөрү менен ишке ашырып жатышат. Ар бир көчө тазаланып,арыктар казылып,линиялар тартылып,опора столбалар койулуп жатат.
Даярдагандар: Азема Кудуева,Аделя Бакытбекова.