Токтогул районунда, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында жыйын өттү.

Токтогул райондук прокуратурасынын демилгеси менен райондо,жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу,25-май акыркы коңгуроо иш-чарасын өткөрүү жөнүндө жыйын болду.
Жыйынга,райондук мамлекеттик администрациясынын башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов,башчы-акимдин орун басары А Нават кызы жана шаардык прокурордун улук жардамчысы А.Жакыпов,укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ата-энелер катышты.

«2023-2024-окуу жылында,Токтогул районунда 11-классты 1057окуучу,9-классты 1933окуучу бүтүрүүдө. Жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча,мугалимдерге жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 25-май “Акыркы конгуроо” салтанатына даярдыктар жүрүп жатат” дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Астра Боржуева.
Ички иштер кызматкерлер тарабынан, ата-энелерге,окуучуларга,мугалимдерге,окуучулардын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте, көзөмөлгө алынары айтылып эскертилди.
Даярдагандар: Азема Кудуева.