“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы менен маектештик

16 Май 2024 жыл 16:57
Көрүүлөрдүн саны: 485

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Багымбаев Болот Тияншанович,алдыдагы иш-пландары менен тааныштырып өттү

Багымбаев Болот Тияншанович Токтогул районунун Бел-Алды айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин,Бишкектеги И.Арабаев университетинин филология факультетин аяктап,өзү туулуп өскөн айылда он жылдан ашык уюштуруучу болуп иштеп,андан кийин Бел-алды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

“Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы болуп иштегениме эки айдын жүзү болду. Азыркы учурда эки айыл өкмөт кошулуп,калктын саны он алты миңдин тегерегинде болуп, чоң аймак болдук. Бүгүнкү күндө бир топ иштер бүтүп жатат. Жазгы талаа иштери,үч айлык тазалык жумуштары бүткөрүлүп,таштанды ташталган жерлер тазаланып,ички жолдор сүзүлүп тазаланды. Андан сырткары дыйкандарга суу жеткирүү маселеси каралып,жайыттагы жолдор техникалар менен оңдолууда» дейт Болот Багымбаев.

Айылдагы таза суу маселеси,ФАП,китепкана куруу,маданият үйлөрүн жаңыртуу,бала бакчаларды куруу боюнча документтерди даярдап,тиешелүү уюмдарга кайрылуу менен айылдын инфраструктурасын жакшыртуунун үстүндө,бир топ иштер алдынкы планга коюлган.

Даярдагандар: Аделя Бакытбекова,Арууке Эсенбекова.