“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда «Кош бол бакчам «аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү

31 Май 2024 жыл 17:55
Көрүүлөрдүн саны: 764

Терек-суу айылында №5 Кызгалдак балдар бакчасында,«Кош бол бакчам» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Кечеге ата-энелер,даярдоо группадагы бөбөктөр жана мугалимдер катышты. Бөбөктөр үйрөнгөн ырларын ырдап,бий бийлеп,Манас эпосунан үзүндү айтышып,ата-энелерин,мугалимдерин кубантты.

« Биздин даярдоо тайпасында жалпы 21 бөбөк бар,алар жаңы окуу жылында мектепке барышат,балдарга тамгалардын элементтерин жазганды,тыбыштарды муундап окуганды,сандарды кемиткенди,кошконду толук үйрөтүп,Кыргыз Республикасынын гимн,герб,туу символикалары жөнүндо маалымат берип,Манас эпосунан үзүндү жаттатып, жаш өзгөчөлүгүнө жараша таймашка да катышып келишти балдар» дейт тарбиячы Айжан Абдиева.

Ата-энелер тарабынан бөбөктөргө белек берилип,тарбиячы мугалимдерге ыраазычылык айтылды.

Даярдагандар: Аделя Бакытбекова,Камила Ызакулова.