“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда “Жыл мугалиминин” жыйынтыгы чыгарылды

5 Июнь 2024 жыл 12:21
Көрүүлөрдүн саны: 797

Токтогул шаарынын Бөкөнбаев мектебинде “Жыл мугалиминин” жыйынтыгын чыгаруу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Бул иш-чарага Токтогул мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев,билим берүү мекемесинин жетекчиси Астра Боржуева жана мектеп мугалимдери катышты.

Токтогул аймагында,жалпы 42 билим берүү мекемеси болсо,анын ичинен республикалык конкруска 32 мектептин мугалим,тарбиячылары катышып,райондук экинчи турга 11 мугалим тандалып,экинчи турдан 4 мугалим областтык турга өткөн.Алардын ичинен Бекназаров мектебинин башталгыч классынын мугалими Турусбек кызы Жазгүл,Жалал-абад областында өткөн «Жыл мугалими 2024» конкрусунда баш байгеге татыктуу болду.Ошондой эле райондо жылдын мыкты мугалими наамына №28 Ормонбеков мектеп лицейинин тарых мугалими Карымшак кызы Айбарчын,№4 Салаев мектебинин физика мугалими Абакир кызы Бактыгүл,№6 Мүлкүбат мектебинин англис-тил мугалими Мамытова Гулзат,№2 Арча-бешик мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы Касымбаева Гүлмайрамдар татыктуу болушту.

«Бул ийгиликтер район үчүн чоң жетишкендик жана жаш мугалимдер үчүн чон мотивация болду. Мугалимдик иш түйшүктүү иш анын менен катар эле сыймыктуу иш экенин баса белгилеп,мугалимдердин ишине ийгилик,ден соолук,үй-бүлөөлүк бакыт,чыгармачылык ийгилик каалап,жылдын мыкты мугалимдерин,тарбиячыларын алган
сыйлыктары менен куттуктады» Токтогул мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев.

Жылдын мыкты мугалимдери он мин сом акчалай сыйлык менен жана громаталар менен сыйланды. Жалал-абад областында баш байгени алып келген,Бекназаров мектебинин башталгыч классынын мугалими Турусбек кызы Жазгүл 20 мин сом акчалай сыйлык,громата менен сыйланды.

Даярдагандар: Камила Ызакулова,Азема Кудуева.