Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен Жалпы Республикалык Тестирлөөдө жогорку балл алган окуучуларды жана олимпиадаларда, конкурстук сынактарда ийгиликтерди жараткан окуучуларды куттуктап, белектерди тапшырып, алардын ата-энелерине ыраазычылык билдирди.

N22 З.Жамгырканов атындагы орто мектебинин окуучусу Тяньшанов Айэмир — 213 балл;
N4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын окуучусу Тилепов Актилек — 209 балл;

N29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинин окуучусу Ырысбеков Жылдызбек — 205 балл;
N4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын окуучусу Анарбаев Дилмурат — 203 балл;

N29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинин окуучусу Абанова Адеми — 200 балл;
N4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын окуучусу Давлеталиев Тайырбек Бириккен Араб Эмиратында өткөн математика боюнча олимпиадасынын алтын медалынын ээси;

N2 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Жумабеков Даниелла «Кыргызстандын мыкты окуучусу-2024» төш белгисинин ээси.
Райондогу алдыңкы окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз
Азема Кудуева.