“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда салык кызматынын жаңы бөлүмү ачылды

3 Июль 2024 жыл 0:56
Көрүүлөрдүн саны: 383

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» ачылды.

«Бирдиктүү терезеде» 5 кызматкер кызмат көрсөтөт, жарандар жана салык төлөөчүлөр акысыз негизде кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин ала алышат.
Анын ичинде:
— отчетторду тапшыруу;
— жардам алуу;
— салык кызматынын маалыматтык системаларына кирүү;
— электрондук булуттук кол тамгасын алуу;
— салыктык каттоодон жана кайра каттоодон өтүү;
— патент жана камсыздандыруу полисин сатып алуу же узартуу.


Ошондой эле “Бирдиктүү терезеде» банктардын төлөм терминалдары аркылуу салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.

Кудуева Азема