Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 «Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомун негизинде, айыл аймак боюнча социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын отурумуна 39 арыз каралып, булардын ичинен 23 документ канааттандырылган деп табылды.

Жыйынтыгында Республикалык бюджеттен 23 үй-бүлөгө 100 000 (жүз миң) сомдук сертификаттар тапшырылды.

Азема Кудуева.