Токтогул районунун, Терек-суу айылындагы Барчын участкасында «Клубника сүйүүчүлөр» аттуу темада семинар болуп өттү.

Семинарга Кетмен-Дөбө аймагынын башчысы Болот Багымбаев жана Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Молдомусаев жана айыл тургундары катышышты.

Бул семинарды өткөзүп жатканыбыздын себеби жаш дыйкандардын эмгегин элге жайылтуу,клубника,малина сортторун өстүрүп,айыл элинин жашоосун жакшыртуу. Ошону менен бирге Токтогул районундагы дыйкандардын эмгегин,тажрыйбасын бөлүшүү менен бирге республикалык денгээлге жетишүү биздин оюбуз дейт айыл өкмөт башчысы Болот Багымбаев

Мен Токтогул районундагы агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Молдомусаев. Семинарга келип айыл тургундары, жаш эр азамат жигиттердин иштерин көрүп ыраазы болуп турам.Буюрса дыйкандарга колдон келген жардамыбызды,акыл кенештерди берип,логистикалык борбор ачып берип 4-5жылдын ичинде клубника,малина өстүрүү жагын колго алып алсак деген ойлорубуз бар.

«Мен эки жылдан бери клубниканын түрүн айдап эксперимент жүргүзүп келем. Азыркы күндө 20 сотых жерге клубниканын Альбион сорттун тиккем. Башында ушул жерге 200 миңден ашык каражат кетирип эмгек кылсам бүгүнкү күнү 80-90килограмм бир эки күндө терип,айына 1,300тоннадан ашык киреше алып,260 сомдон оптом алган соодагерлерге өткөзүп,кеткен чыгымдарымды жаптым десем болот. Мен клубниканы тамчылатып сугарам,бул эң оңой технология. Ушул жол менен суугарууну дыйкандарга сунуштайт элем» дейт өз тажрыйбасын бөлүшкөн Канат Шерманбетов.

«Менин уулум эки жылдан бери 30 сотых жерге малинанын Полька жана Полана түрлөрүн тигип,бүгүнкү күну 10-15тен ашык элди иш менен камсыз кылып келет. Малинаны 2-3 күндө бир 50-60 чака терип,оптом алган соодагерлерге 650 сомдон өткөрөт. Башында бул жерди иштетүү үчүн мал жандыктарды сатып ишкерлигин баштаган,быйылкы жылы түшүмү жакшы болуп, кеткен чыгымдарын актады десем болот. Ошону менен бирге ежевиканы дагы көбөйтсөм деп ойлойт. Малинаны тамчылатып сугарат,атайын сууга 250кубтук бассейин орнотуп,дарылай турган дарыларын бачокко чылап убагы менен сугарып,даарылап турат дейт» айыл тургуну Айымбү эже.
Токтогулдун климаты клубника жана малина өстүрүүгө туура келет. Дыйкандар апрель айынан баштап октябрь айына чейин түшүм ала алышат.
Азема Сабырбекова.