“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда «Мөмө жемиш дарактарын коргоо» тренинги өткөрүлдү

29 Июль 2024 жыл 23:08
Көрүүлөрдүн саны: 366

Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Терек-суу айылында Чалов Акматтын демилгеси менен Ханнс Зайдель Фондусунун колдоосунун негизинде «Мөмө жемиш дарактарын биологиялык жактан коргоо» аталышындагы тренинг өткөрүлдү.

«Азыркы учурда,айыл жеринде жер аянттарынан жана мал чарбасынан алынуучу азык түлүк өндүрүүгө,кетүүчү чыгымдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбаттыгынан, актабай жаткандыгы жана ошол эле мезгилде айдоо жерлер дагы, жылдан жылга кунарсыз болуп баратат.Ошондуктан кошумча киреше алуу максатында,айыл жашоочулары багбанчылык багытында иш алып барышат. Бирок,тажрыйбанын аздыгы зыянкечтердин алдын алуу жагынан билимдин жетишсиздиги болгондуктан,айыл тургундарынын билим денгээлин жогорулатуу үчүн тренинг өтүп, тушүндурүү иштери жүргүзүлдү» дейт Акмат Чалов.

Азема Сабырбекова