“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда 31-август Эгемендуулуктун 33жылдыгы белгиленди

1 Сентябрь 2024 жыл 20:29
Көрүүлөрдүн саны: 747

31-август эгемендүүлүк күнү Токтогул шаарында да салтанаттуу белгиленди. Иш чаранын алкагында район аймагындагы мекемелердин парады көрүүчүлөргө көргөзүлүп, Токтогул районунун башчысы аким Тюкебаев Акылбек Алиякунович куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Район элинин социалдык экономикалык абалын жакшыртууга кылган салымдары үчүн сыйлыкка көрсөтүлгөн жарандарбызга ардак грамоталар жана башка сыйлыктар берилди.


Жергиликтүү тургундарга майрамдык маанай тартуулоо максатында кол күрөш, аркан тартыш, алыстыкка секирүү, ордо оюну бойунча спорттук иш-чаралар уюштурулуп, жергиликтүү спорт сүйүүчүлөрү катышышты. Күчтүүсү аныкталып акчалай сыйлыктар берилди.

Даярдаган: Азема Сабырбекова,Аэлита Зарылбекова