“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда жаңы бала бакча ачылды

3 Сентябрь 2024 жыл 13:36
Көрүүлөрдүн саны: 400

Токтогул шаарында жаңы бала бакчанын имараты пайдаланууга берилди.


2-сентябрь,Токтогул шаарында жайгашкан №13 Байчечекей мектепке чейинки билим берүү уюумунун А. Бекматжанова атындагы бала бакчанын жаңы имараты пайдаланууга берилип, 1-сентябрь жаңы окуу жылына расмий ачылышы болду.


Ачылуу аземине Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, Токтогул шаарынын аксакалдары, ата-энелер жана жергиликтүү тургундар катышты.


Аталган бала бакча 75 орунга ылайыкталып жана тиешелүү жабдыктар менен камсыз кылынды. Бала бакчага Токтогул шаар мэриясынын бюджетинен 32,5 млн. сом акча каражаты жумшалган.


Райондун аймагында 21 мамлекеттик жана 2 жеке менчик бала бакча бар. Бала бакчаларда 2364 бала тарбияланышат.

Даярдаган: Азема Сабырбекова.