“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда №39 Кесиптик лицей капиталдык ремонттон өттү

6 Сентябрь 2024 жыл 21:17
Көрүүлөрдүн саны: 736

5-сентябрь Токтогул шаарындагы А.Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинде КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Секторду өнүктүрүү: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” (АӨБ) долбоорунун алкагында: 19 млн 524 968 сомго капиталдык оңдоп-түзөө иштери, заманбап материалдык-техникалык база менен толукталышы ж.б. жумуштардын аякташы менен окуу жайдын ачылыш аземи болуп өттү.

Аталган иш-чара онлайн форматта КРнын Билим берүү жана илим министри Д.Ш.Кендирбаева, АӨБнын долбоорунун менеджери Н.А.Чырбанов, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Г.Д.Мамыровалардын катышуусунда түз байланыш болуп өттү.
Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, башчы-акимдин орун басары А.Нават кызы, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, Атайын фонддун жетекчиси З.Абдыкадыров, Өнүктүрүү фондунун жетекчиси Г.Чоюбекова, ата-энелер жана студенттер катышты.


Студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Даярдаган: Азема Сабырбекова.