Бүгүн,9-сентябрь 2024-жылы Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын,айылдык кеңешинин депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү.


Жолугушууда айылдык кеңештин депутаттары айылдагы жарандарга үй курууга,жер тилкелерин чечүү, малдын саны кескин көбөйүп жайыт маселеси, ички жолдорду оңдоо, таза суу сыяктуу маселелерди көтөрүшүп, чогуу талкуулашты. Ошондой эле, Чоң-Арык, Терек-Суу, Кара-Күнгөй, Мазар-суу, Ак-Тектир айылдарында бала бакча жана мектеп куруу маселесине көңүл бөлүүнү суранышты.
Өз кезегинде, элеттин инфраструктурасын жакшыртуунун үстүндө иштер жүргүзүлө турганын баса белгиледи Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов.
Даярдагандар: Аделя Бакытбекова,Азема Сабырбекова