“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда ишембилик өткөрүлдү

9 Сентябрь 2024 жыл 18:04
Көрүүлөрдүн саны: 394

7-сентябрь Токтогул шаарында жана айыл аймактарда ишембилик өткөрүлдү.


Ишембиликке Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, райондук токой чарба башкармалыгынын башчысы К.Токтоназаров ж.б мекеме жетекчилер жана Кетмен-Төбө өрөөнүнүн активист уулу Хамза Жеништин демилгеси менен КР Эмгек сиңирген артисти Т.Сманбеков, «Дестинация Токтогул» коомдук бирикмеси менен биргеликте ишембилик өткөрүлүп, бул ишембиликте Токтогул районунун ишкер уулдарынын колдоосу менен бир нече таштанды урнаалары Ала-Белден баштап, көлдүн жээгине, «Бүркүткө» ж.б элдер көп эс алуучу жерлерге орнотулду.

Даярдагандар: Азема Сабырбекова