“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Сарык оорусунан кантип сактануу керек?

21 Сентябрь 2024 жыл 16:10
Көрүүлөрдүн саны: 1681

«Сарык бул өтө жугуштуу оору. Аба, тамак аш, таза эмес колдор аркылуу жугат. Азыр бизде сарыктын А түрү жүрүп жатат. Көбүнчө жаш балдардын арасында кездешет. Сарыктын алгачкы белгилери бала шалдырайт, эти ысыйт, кускусу келет, өңү саргаят, заарасы кызарат, заңы агарат. Эгерде ушул белгилер байкалса доктурга кайрылыңыздар.
Сарык оорусунан айыгуу үчүн дарылануу керек. Сарыктын жеңил, орточо жана татаал формалары болот. Дарылоо учурунда көбүнчөсү диета кармайт,больницага жаткырат. Диета учурунда тузу жок,кайнатма тамактарды, атайын жер-жемиштер бар, ошолорду жеш керек. Сарык оорусу менен ооругандарга куурулган тамактарды, таттууну, эт, майларды жегенге болбойт.
Бул оорунун алдын алуу үчүн өздүк гигиенаны сактоо зарыл.Жер-жемиштердт таз жууп, тамак ичээрдин алдында, дааратканага барып келгенден кийин колду самындап жууш керек»-дейт аылдын башкы дарыгери Калия Дөөлөтказиева .

Даярдаган: Азема Сабырбекова