“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда ишембилик болуп өттү

15 Октябрь 2024 жыл 9:45
Көрүүлөрдүн саны: 374

Райондун аймагында массалык ишембилик болуп өттү.

Ишембиликке райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана райондун тургундары катышты.

Ишембиликтин алкагында жер-жерлерде мекемелердин жана турак жайлардын, социалдык объектилердин короосу, жол жээктери, көчөлөр тазаланды.

Таштандыралды чыгаруу үчүн атайын техникалар тартылып, таштандылар чыгарылууда.

Даярдаган: Азема Сабырбекова.