“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда «Тарых барактары-тарых сабактары» аттуу иш чара өткөрүлдү

27 Октябрь 2024 жыл 23:36
Көрүүлөрдүн саны: 437

Токтогулда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата «Тарых барактары-тарых сабактары» аталышындагы иш чара өткөрүлдү.


1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун убактылуу уюштуруу бюросунун жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун ревкомунун мүчөсү Махмуд Ботбаев жана 1924-26 жылдары Жалал-Абад округунун аткаруу комитетинин төрагасы Мураталы Ашыров тууралуу райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин сахналаштырган сценарийи көрүчүүлөргө тартууланып, алар тууралуу баяндамалар, докладдар угулду.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түптөөгө салым кошкон инсандар жөнүндө көргөзмөлөр уюштурулду.


«Иш-чаранын алдында чоң атабызга багыштап куран окулду. Чоң атабыздын эмгеги бааланып, эскерилип жатканы жалпы неберелерин,туугандарын сүйүнттү. Мураталы Ашыров таятам болот. Ушул улуу эки инсандын небереси болгонубузга сыймыктанабыз. Чоң атамды тартып улуу эжем элдин кызы болду, Мира Ботбаева эжем профессор,биология илимдеринин кандидаты. «Ардак белгиси» орденинин ээси Махмуд Ботбаев чоң атабыздын эмгегин, кыргыз элине кошкон салымын дайыма сыймыктануу менен айтып эскерип турабыз «дейт небереси Нуржамал Казакбаева.



Даярдаган: Азема Сабырбекова.