Токтогул районунун Кетмен-Дөбө аймагына караштуу Ак-Тектир айылында «Өзүбүздү өнүктүрүү менен ийгиликке чогуу жетебиз» аттуу жыйын болуп өттү.



Жыйында айыл ичиндеги элди өздөрүнөн чыккан, өз колдору менен даярдалган азык түлүк менен камсыз кылуу жана өздөрүн да иш менен камсыздоо маселелери каралды. Мисалы: даяр магазиндин камырларын эмес,камырдын түрүн даярдоо, пельмен, лагман, самсы,ж.б түрлөрүн, булочка,кекс,боорсок,чакчак жасоону кыз келиндерге сунушталып, иштейм дегендер менен келишим түзүлүп,нарк баасы чечилди. Ошону менен бирге эле иштейм деген кыз келиндерди колдоп, кол өөнөрчүлүк, кызга сеп камдоо тигүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу жагы да каралды. Жарманке уюштуруу өз колдору менен жасалган прдукцияларды, кол өнөрчүлүктү айыл элине сатуу менен өз кирешелерин көбөйтүу жагы айтылды. Ар бир айыл элинин жашоо шартын көтөрүү, жардам берүү үчүн айылга чакан ишканаларды ачып, жөнгө салып бере алсак, элибиз үчүн бир топ жардам кылмак элек дейт Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Болот Багымбаев.


Даярдаган: Азема Сабырбекова.