“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул шаарында «Жаштар күнү» салтанаттуу белгиленди

12 Ноябрь 2024 жыл 23:08
Көрүүлөрдүн саны: 733

Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата майрамдык иш-чара Токтогул шаарынын борбордук аянтында уюштурулду.


Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Нусупова, А.Бердалиев атындагы N 39 кесиптик лицейдин, ИСИТОнун Токтогул кесиптик колледжинин студенттери, мектеп окуучулары катышышты.

«Майрамдык иш-чарада райондун коомдук турмушуна активдүү катышкан жаштарга райондук мамлекеттик администрациянын сыйлыктарын тапшырып, келечек муун өкүлдөрүнө жакшы тилектер айтылды. Жаштарга арналып майрамдык концерт тартууланып, спорттук оюндар уюштурулду. Жеңүүчүлөр атайын даярдалган сыйлыктар менен сыйланышты» деп билдирди акимдин орун басары Айна Нават кызы.

Даярдаган: Айтурган Акимжанова.